Шыктандырат обон менин жанымды, Укса деймин Теңир ушул ырымды. Кайра-кайра келди ойго ушул ыр, Даңктасам дейм жалгыз Ыйса Теңирди. Жүрөгүмө орноп Сенин сөздөрүң, Ачылды бейм эми менин көздөрүм. Ак жолуңа түштүм, башта Сен мени, Айтканына көнбөйм эми өзгөнүн. Акыл айтып, Өзүң сөзүңдөн нуска, Жетектей көр, Теңир, ушул жолумда. Даңктап ырдайм Сени, Ыйса Теңирим! Ак батаңды берчи ушул журтуңа. Көктө Сенин даңкың арта берсинчи, Бардык калкым даңктап, Сага келсинчи. Жүрөгүн ач менин кыргыз элимдин, Адамзатка даңкың кайтып келсинчи. Даңктагыла баарың Теңирди бүгүн! Даңктагыла Аны улуулугу үчүн! Асманда да, жерде даңктайлы Аны, Ырайымы, төккөн сүйүүсү үчүн!Aria Встает рассвет проснулись птицы Севирəм чох Сəни Танрым Благодарим Господь Sentirsi dire no Jesus med deg vil jeg leve her Putri Sion, Nyanyilah Верю я Верю я А мне благо а мне благо,приближаться к Богу моему V tichu
Song not available - connect to internet to try again?