Шылдырап агып суу тынбай, Кайдадыр жылат булут жай. Узак жол басып бир пенде келет шашпай. Өз ичинен ал ойлонуп, Үй курамын деп толгонуп, Ошол үйгө байыр алат, бакыт конуп. Чарчаса жолдо ыр ырдап, Көңүлүн бир аз тынчытат. Бир эле ырды тажабай кайра ырдайт. Үй деген маалым байыртан, Дубал эмес таштан салган, Эшик эмес, буюм эмес үйдө турган. Үй деген - дайым күткөн жай, Кандай абалда кайтсаң да: Сүйүнүп, же күйүнүп, же чарчап келсең. Үй деген - сени түшүнүп, Үмүттөнүп, сени сүйүп, Тосуп аларың бар болсо, ошол үйүң. Булуттардан өйдө кеткен Сонун үй бизге берилген. Ыйса салган ал сонун үй бизге белен. Бирок ал үйгө кирүүгө, Сакта тынчтыкты күнүгө, Сүйүп баарын, камдана бер жерден эле.بارك بلادي Голгофский крест я вижу пред собой El Vino A Mi Corazon Qadir Allah, budur Səndən diləyim Hay un Redentor Danza Znej haleluja, Pánovi Solo l'amore La Tua immagine Иса, ЬОвгюйе Лайък
Song not available - connect to internet to try again?