Ыйык Рух, келгин бизге, биз турган жер касиетиңе толсун! Арасында элиңдин, Кудайым, Сен болгуң келет. Күтөбүз Өзүңдү, сүйөбүз Сөзүңдү. Суусаган дилибизди кандыр, Кудай. Менин сүйүү ырым, Сага булак болуп агылсын. Өмүрүмдү, Теңирим, мен Сага арнагым келет. Ушул курмандыгым Сага кабыл болсун, Бул ырымда мен алдыңда ийилем. Оо, Теңир, келчи бизге, жер жүзү бүт ыйык демиңе толсун! Машаяктын атынан батаңды Сен бергиң келет. Кучагыңды ачып, ырыскыңды чачып, Чаңкаган жерибизди гүлдөт, Кудай. Ыйык Рух, капта бизди, дүйнөбүз кубанычыңа толсун! Нөшөрлөнтүп Сен бизге мээримиңди төккүң келет, Эңсейбиз Өзүңдү, самайбыз Сөзүңдү, Сен биздин дүйнөбүздү өзгөрт, Кудай!On Jeesus mulle rakkahin Крылья Ay bap balaca Bet-Lexem Kwa Kalvari Словно гром, слышен мне голос Ó, dobré je chváliť Isa, Isa, Isa bạrfʿ ạ̹lyk tsbyḥy Nombreux comme le sable 围绕这座城宣告
Song not available - connect to internet to try again?