Ыйык Рух, келип, жаркырап, толчу жүрөккө Ишенип, умтулалы алдыда максат-тилекке. // Толукшуп толсун, төгүлүп, ташып деңиздей, Кудайым берген баталар биздин өмүргө. // Сен бердиң Ата, ашыгы менен өмүрдү, Күнөөдөн, дарттан айыккан ачык көңүлдү. // Куткарып Өзүң, туткундан алдың бошотуп, Даңктаймын, ырдап, керемет Кудай, Теңирди. // Атабыз күтөт, асманга колду суналы. Таңда да кечте сыйынып Ага туралы. // Жакындап келди, бөлөнүп нурга, Теңирим. Чарчабай, толкуп, Кудайдын сөзүн угалы. // Сен бердиң, Ата, ашыгы менен өмүрдү, Күнөөдөн, дарттан айыккан ачык көңүлдү. // Куткарып Өзүң, туткундан алдың бошотуп, Даңктаймын, ырдап, керемет Кудай, Теңирди. //سرتي في السماوات 要归耶和华为圣 Ner'de koyunum Rozhodni sa správne فليهلل كل الكون Mulţi pornesc pe calea sfântă Мой Бог tʿạla yạ rby في الخطية عايش Сени Улуғлаймиз Исо
Song not available - connect to internet to try again?