Ырайым менен атты таңың нур чачып, Ал жарыктан бүт жүрөгүм жаңырып. Булак көзүн оргуп жаткан таптым мен, Кубанычым бөксөрбөсүн түбөлүк. Үмүт, максат алга мени жетелеп, Сөзүң менен Ыйык Рухуң дем берет. Жарык болуп бул өмүрдө жүрүүгө, Ыйса Теңир, Өзүң кубат бере көр. Айтпасам да, жүрөгүмдү билесиң, Ой-санаамдын жүйөлүүсүн бир Өзүң. Ойготсоңчу кыргызымды, элимди, Куткарылсын, басчу жолун түздөсүн. Шаттык ырым жүрөктөрдө жаңырсын, Жакшы Кабар бүт элиме тарасын. Башымды ийип, сураймын мен, Теңирим, Куткара көр, ар бир кыргыз баласын.135-Забур Venid, alzan manos limpias În slăvitu-Ţi nume mare încă ne mai adunăm wèi bù xiǔ zhī guó qạl ly ạlsẖyṭạn Jika Jiwaku Berdoa Ինչպես Եմ Ես Ուզում Թռչել Երկինք Reharehako ny hazo 回家 Сени дайым ээрчип жүрөйүн
Song not available - connect to internet to try again?