Эң сонун биз бирге сыр чечишип, Теңирди чогулуп даңктасак. Кайгыны чөкпөстөн жеңип өтүп, Үмүткө таянып жашасак. Эң сонун, жүрөгүң таза болсо, Эң сонун, жаман ой болбосо. Эң сонун, чынында не бир сонун, Жүрөккө бейкуттук орносо. Эң сонун, жан дилиң, ой, санааңды Бүт бойдон Ыйсага тапшырсаң. Эң сонун майданда тайманбастан, Ырыңда айткандай жашасаң. Эң сонун, өмүрдүн бороонунда Жан дүйнөң эрксизден термелсе. Басчу жол тикендүү, татаал болуп, Өмүрүң коогалуу сезилсе. Эң сонун, Ыйса менен ар качан, Ал сенин жүгүңдү көтөрөт. Эң сонун, жүрөктү Ага ачсаң, Ал - Досуң, бардыгын түшүнөт. Эң сонун! Кудайда бактылуубуз! Ал бизди эч качан калтырбайт. Өмүрдүн тикендүү, тар жолунда Кадамың ар дайым алгалайт!داود Бул өмүрдөн өтөт экен даанышман да Îţi mulţumim Doamne pentru Cuvântul Tău Pán Ježiš zbavil ma hriechov يصنع العجايب tʿlyq 12 - myn ạlksbạn ? تعظم نفسي الرب พระองค์ทรงเป็นความสว่างของเรา İsa Kurtarıcım Odamlar yshoninglar
Song not available - connect to internet to try again?