Кудайдын уулдары, Яхвеге бергиле, Яхвеге даңк-кубатты бергиле. Яхвенин ысмынын даңкын бергиле, Ыйыктыктын сүрүндө Яхвеге таазим кылгыла. Яхвенин үнү суулардын үстүндө. Даңктын Кудайы күркүрөдү, Яхве көп суулардын үстүндө. Яхвенин үнү кубаттуу, Яхвенин үнү сүрдүү. Яхвенин үнү кедрлерди сындырып, Яхве Лубнандын кедрлерин талкалады. Аларды - Лубнанды музоодой, Сирионду жапайы букачардай секиртти. Яхвенин үнү от жалындарын жарды. Яхвенин үнү чөлдү титиретти, Яхве Кадеш чөлүн титиретти. Яхвенин үнү маралдарды толготуп, Токойлорду жылаңачтады. Анын ордосунда баары: «Даңк!» - дешет. Яхве топон суунун үстүндө отурду, Яхве түбөлүк Падыша болуп отурат. Яхве өз элине күч берет, Яхве өз элин тынчтык менен алкайт.ОТ ЛЪЧА НА ИЗГРЕВА قوزىنى جەتەكتەگەندەي Энэ газарт зөвхөн ИДЕГЕЛИВИС أنا لما جيتلك bḥb ạlrb В имени Иисуса сладость تعليق 2 - شقاوة فى المعمل اهتفوا صقفوا చెరలోనైనా పాడుతా ఆనందపు
Song not available - connect to internet to try again?