Өзүн Ыйсага арнап койгон, Жаштарга асманга бараткан, Ченемсиз бекем ишеним каалайм, Тайманбас жүрөк жалтанбаган. Куугунтук, каршы шамал уруп, Азгырык, түйшүктөр да келер. Шектенүү алсыратып жаныңды, Ишенбестик жемишин берер. Бирок ким Ыйсадан сабак алса, Ишеним менен баарын жеңет. Кара булуттар каптап калса да, Жеңиш күн нурларын төгөт. Кайгы-муң, капалыкка толгон, Көз жаштары деңиздей болгон Адамдарды таштап койбогула, Кудайын да унутуп койгон. Кудай сүйүүсүн чагылдырган, Капитан, тууңду бийик көтөр! Жер жүзүнө Ыйсаны таанытып, Жашооңду сүйүү менен өткөр.Open the Eyes of My Heart Lord По пустыне ЬОлюме Кадар نفسي يا رب Está cayendo Dnes pred tvárou Pána pokorme sa ạ̉nạ lst wḥdy Небеса ожидают меня Магтан дуулцгаая Հիսուս, Անհնար է Չգովել Քեզ
Song not available - connect to internet to try again?