Өмүрдүн келип аягы, Өксүтүп нечен жандарды, Кадалып айкаш жыгачка, Жазыксыз колуң канады. Болбостур мындай жаңылыш, Күнөөсүз чектиң азапты. Айыпсыз тартып азапты, Ажалга бардың мен үчүн. Тилдешти, сөктү, сабашты, Чыдадың ага мен үчүн. Күнөөмдү алып Өзүңө, Теңирим, өлдүң мен үчүн. Ааламда болбос мындай жан, Күнөөсүз болгон курмандык. Тозокко түшпөйт ар адам, Ыйсага келсе суранып. Тозоктон Ыйса куткарат, Кел журтум, тобо кылалык.Мен бақаттымын, көңілдімін چۅگۅلۅپ، بئز بۉت باارىن Go ahead Iso Masih Confido in Te mjdk yʿlạ Булутларла геледжек Ti amo Signore (Salmo 18) Kristus - živý chlieb Босые ноги горячий песок
Song not available - connect to internet to try again?