Өчүп калган от эч кимди жылытпайт, Соолуган булак суусунду кандырбайт. Сынган идиш эч нерсеге жарабайт, Өлгөн адам сүйө албайт. Мүмкүн, сен оттой болуп өчүп калган, Жылуулугуң сезбегендир эч бир жан. Соолуган булак сымал какшып калган, Суу сунбадың адамдарга чаңкап турган. Кудайдын сүйүүсүн сезбей калдыңбы? Идиш ордуна сыныктар калдыбы? Чөп сыяктуу жаның кургап калдыбы? Же небак өлүп калганбы? Кудайдын сүйүү отун өчүрбөгүн, Бүлбүлдөбөй, жарык чачып күйгүнүң. Бул караңгы дүйнөдө өчпөс от бол, Кашка суу, мөлтүр булак бол. Ыйсанын ыйык ысмын сенден ар бир адам көрсүн, Ар бир күнөөкөр көрсүн. Күч булагы болгун кыйналгандарга, Жашооң менен жол көрсөт адамдарга. Колуңда болгонун жоготпой сакта, Таажыңды сакта, алдырба. Кудай берген ак кийимиң булгаба, Жарык чачып турсун жүзүң дайыма. Ыйыктаган Ал сени Голгофада, Кабар айтсын деп баарына. Ыйсанын ыйык ысмын сенден ар бир адам көрсүн, Ар бир күнөөкөр көрсүн.Grazie When the roll is called up yonder جيش أملاك الى عرش النعمة Я каждый день стою на страже Moje malé svetielko II. Oyogʻim bilan raqsga tushib Madaqtaımyn Seni Allí la puerta abierta Nichts auf der Welt
Song not available - connect to internet to try again?