Ааламды алты күндө жараткансың, Телегейин тегиз кылып адамзаттын. // Теңирим, Теңирим! // Сени гана, Сени гана даңктайбыз, Тизгини го бир Өзүңдө бул ааламдын. Жылдыздар, ай, күнүңдү жараткансың, Бардыгынын ааламда өз милдети бар. // Теңирим, Теңирим! // Сени гана, Сени гана даңктайбыз, Теңдеши жок алааматтуу чоң күчү бар. Жараттың асыл кылып топурактан, Сугарып Сен мүрөк тунук булагыңдан. // Теңирим, Теңирим! // Сени гана, Сени гана даңктайбыз, Бар жандыкка сүйүүң чачтың аябастан. Алданба, жалган дүйнө - жылт эткен от, Азгыруучу оңдо-солдо зымырык ок. // Теңирим, Теңирим! // Сени гана, Сени гана даңктайбыз, Сенсиз бизге жалган дүйнө - чагылган чок.Раб'бин адънъ йуджелтелим О Светий Душе Бурганывыс чаңгыс дээрзин бүзүреткен ырым бо-дур تستاهل أغني لك Jésus est ressuscité О, величая Те Sigla video parabole Büyük sevinç bildirdin bize Egamizga hamdu sanolar boʻlsin Yang T'lah Menang
Song not available - connect to internet to try again?