Адашып көпкө жүргөнмүн, күнөөгө азгырылгам, Адилеттиктен түңүлгөм, дүйнө мени алдаган. Жардамды кимден күтөмүн, ким арылтат кайгыдан? Ошондо Теңирим айтты: Мен сени абдан сүйөм. Мен сени, Мен сени, Мен сени абдан сүйөм, Кудайдын үнү жагымдуу: Мен сени абдан сүйөм. Сүйүп мени кабыл алды, күнөөлөрдөн арылтты, Өмүр китебине жазды Теңир менин атымды, Башым ийип, таазим кылып, айттым ырахматымды. Кудайдын үнү жаңырды: Мен сени абдан сүйөм. Азгырыкка алдырбаймын, күнөөгө каршы турам, Теңир Ыйса Досум болду, кеңешти Андан алам, Кучагына Кудайымдын кандай жакшы жашынган, Сооротот Ал мени дайым: Мен сени абдан сүйөм. Келчи, түйшүккө батпачы, ишенсең, Ал куткарат, Карасаң айкаш жыгачты, Ал сени жандандырат. Чын жүрөктөн тобо кылсаң, жүрөктөн орун алат, Угасың Теңирдин үнүн: Мен сени абдан сүйөм.ҜӨЈЛӘРИН ЕЛЧИСИ عمري ما هافشل ḥmạmẗ اق باتاڭ قونسىن جەرىمە، ويانۋ كەلسىن ەلىمە! ḥqk ạ̉nhạr U- ISO Любит Бог нас طوبي لمن طرقهم Христос воскрес Христос воскрес 天父啊我现在向你跪下
Song not available - connect to internet to try again?