Ак чоку тоолуу жериме, ак ниет, айкөл элиме, Акыйкат сөзү айтылат, акыркы күндөр, билгиле! Теңирим мээрим төгүптүр, биз үчүн Өзү өлүптүр, Бирок Ал кайра тирилип, бейиштин камын көрүптүр! Ал тирилген! Ал тирилген! Аллелуя! Ыйса тирүү! Өлүм женилди, бизге жеңиш берилди. Ыйса биздин Теңир! Ал тирүү! Ал тирүү! Ал биринчи, Ал акыркы! Эркиндик берди! Эми бизге Андан тирилүү күчү келди. Ыйса тирилген! Ал тирүү! Ал тирүү! Кыйналып келет адамзат, дүйнөдө болуп алаамат. Күнөөдөн башы чыга албай, тозокту көздөй баратат. Теңирим мээрим төгүптүр, биз үчүн Өзү өлүптүр, Бирок да кайра тирилип, элинин камын көрүптүр! Башталышы, эң аягы! Биздин Падыша! Бейиш менен тозок Ыйса Теңир колунда Ошондуктан кубан! Ал тирүү! Ал тирүү! Аллелуя! Ыйса тирүү! Өлүм жеңилди, бизге жеңиш берилди. Ыйса биздин Теңир! Ал тирүү! Ал тирүү! Ыйса Альфа, Ал Омега! Бардыгын билген! Ыйык канын төгүп, биз үчүн жанын берген. Өлүп тирилген! Ал тирүү! Ал тирүү! Аллелуя! Ыйса тирүү! Аллелуя! Ыйса тирүү!وُلد لنا المخلص Дилам пурра аз они Исо My Sins Are Gone ydk ạlmtẖqwbẗ Nawiedź nas, Duchu Święty sẖdẖrẗ 6 Увижу я Иисуса в небесной славе там Вот вечер тени спадают أفكاري عندك Үмидини итирмə сəн, ҝəл Аллаһын һүзуруна
Song not available - connect to internet to try again?