Асманда кимим бар менин? Сен Ыйса. Жашоомдогу ырым Сенсиң, Сен гана. Сен мен үчүн запкы көрдүң, Күнөөм үчүн кун төлөдүң, Кудай менен элдештирдиң Сен, Ыйса. Бул дүйнөнүн байлыгына кызыкпайм, Жылтылдаган кооздугуна карабайм, Андан тынчтык таба албайм, Кубаныч да ала албайм, Түбөлүктүү бакытымсың Сен, Ыйса. Жокчулуктун каарын канча тартсам да, Билем, айланат баары жакшылыкка. Жүзүм байлабай калса да, Анжыр гүлдөбөй калса да, Мен сени менен кубанам, о Ыйса. Жамандыктын чеңгээлинде калсам да, Күнөө тузак коюп, кишен салса да, Бул дүйнө согуш ачса да, Душман курчоого алса да, Жеңем баарын Сени менен, о Ыйса. Ажалым жетип, көзүм жумулганда, Жай табамын бир Өзүңдүн колуңда. Көңүлүм чөгүп турса да, Кайгыга муунуп турсам да, Ырдай берем токтобой ар убакта.Saint, saint, saint est le Seigneur Ježiš Kristus, Kráľ náš tróni Vieni deh torna Gesù è la via, la verità e la vita Questa città لكل شىء زمان Dit is wel met my siel English and Afrikaans Будь прославлен, мой Господь Иисус Gelin övelim Potevi dire no
Song not available - connect to internet to try again?