Асманда күтөт Теңир балдарын, Камдап аларга керемет жайларын. Шилтейм кадамды тайманбай асманга, Ишенем, ишенем, Теңир алдымда. Чыйыр жол бар, асманга алып барат. Өзүм издеп, ал жолду таба албайм. Үнүңдү угуп, келемин артыңдан, Ишенем, ишенем, Теңир алдымда. Ал жайга жүрөгүм эргип умтулам, Теңир, мен Сага чөгөлөп кайрылам. Өтүнөмүн, болчу дайым жанымда, Ишенем, ишенем, Теңир алдымда. Жердеги өмүрдүн бүтөр күнү бар, Кайгынын, катаал тагдырдын чеги бар. Азап-кайгыда Сен мени калтырба, Ишенем, ишенем, Теңир алдымда.تەك قانا قۇدايدا تىنىشتىق تاباسىڭ ạnt ạllḥn ạlly bgẖnyh Рәбләрниң Рәббигә алқиш Аллах, кёресе мен излегенни Hory, doly, stráně zhǔ qiú nǐ lián mǐn wǒ Le Seigneur s'incline Ышанмайым Wa Ke Da Iko Ya Ceci Duniya? Pane môj, ja tu zostávam
Song not available - connect to internet to try again?