Баары үчүн, Теңирим, ыраазымын, Жанымды өлүмдөн куткарып алдың. Бардык жерде ысмыңды даңктап ырдайм, Мээримиң, ырайымың даңазалайм. Бүт алкыш Сага арналсын, О Ыйсам, куткардың мени. О Ыйсам, дилимден ырдайм, О Ыйсам, атыңды даңктайм, Ыйсам менин. Айкаш жыгачта каның тамчылады, Тамган каның күнөөмдү жууп салды. Кун төлөдүң, куткардың, актап алдың, Кечирип, адилдикти тартууладың. Өмүрүмдү жалгыз Сага арнаймын, Жашоомдогу ырайымың даңктаймын, Баарына жарыялап жеткиремин, Мээримиң, сүйүүң менен кечиримиң.不要问 Мезмур 126 Qudaıy Israıldiń ạ̉rybsạlyn حاجتي دومًا Nous chanterons pour toi, Seigneur Мне хорошо в доме Твоём zài zhǔ lǐ yǒu zhēn píng ān Калбиме конуш Иса ạnạ ʿndy rby
Song not available - connect to internet to try again?