Бүгүн мен таң эртеден Сага келип, Жолумда издериңди издебедим. Адашып каларымды ойлобой эч, Айтууга сөзүм жоктой үндөбөдүм. Кайсалап таппай калдым ошондуктан, Кай жакка багыт алып баратканым, Өзүңө бүт өмүрүм арнаймын деп, Умтулган максаттарым жаратпадым. Ошондо мен Өзүңө келбей калып, Сөзүңө убактымды бөлбөй калып, Айласыз ара жолдо турганымда, Өзүң келдиң жүрөгүмдөн орун алып. Келдиң да, абалымды айтып бердиң, Көрсөттүң менин эмне болгонумду. Сөздөрүңдү колума кармап жүрүп, Жүрөгүмдү жоготуп койгонумду. Кастарлап кармап жүрбөй жүрөгүмө, Жөн эле чөнтөгүмө салыптырмын, Сөзүңө абдан муктаж экенимди Кенебей, сезбес болуп алыптырмын. Кудайым, кечире көр, тобо кылам, Сөзүңдү жүрөгүмө салайынчы, Адашпай Сенин баскан издериңден, Артыңдан калбай ээрчип барайынчы.Танръ кузусу дийор ки Halelu, halelu, haleluja diǎn rán diǎn rán İyilikle Kötülüğü Yen! 在我很小的时候 Quante volte ancora Ты есть عجيب مشير فاض قلبي Benedictus
Song not available - connect to internet to try again?