Асманын таштап Падыша, Кудай Уулу келди Ыйса Төрөлүп Ал жөнөкөй мал акырда. Ал Наристе - Куткаруучу, Жараткандын жалгыз Уулу Келди бизди күнөөдөн куткарууга. Даңк Ыйсага, даңк Ыйсага! Даңк Ыйсага, даңк Ыйсага! Төрөлгөндө Теңир Ыйса, ыр жаңырган тээ асманда Кабар айтып периште койчуларга. Тынчтык каалап адамзатка, кубанып асман шаңдана, Периштелер ырдашкан: «Даңк Кудайга!» Даңк Кудайга, даңк Кудайга! Даңк Кудайга, даңк Кудайга! Ыйса Теңир өмүр берет, күнөөлөрүң бүт кечирет Ишенип сен кайрылсаң бир Ыйсага. Өткөн жашооңду өчүрүп, жаңы жашоо, жаңы үмүт Тартуулайт бүгүн сага, кел Ыйсага. Куткарууга келген Ыйса, Жаңы жашоо берет сага!Я не знал для чего я пришел в этот мир فلنفرح به Ce bucurie cand mi se zice Isa Ýeke-täk ýoldyr! رائع حبك شوبحو Не тоскуй, когда мглою окутано небо Osmonda Farishtalar Kuylar Любовь Твоя верна Душа томится в клетке
Song not available - connect to internet to try again?