Жакын калып бул дүйнөнүн бүтөр күнү, Анжыр жыгач бажырайтып ачат гүлүн. Бирөөлөрдүн жүрөктөрүн титиретсө, Башкаларды кубандырат анын түрү. Теңирдин «келем» деген сөзү анык, Бакыттын толугу ал жүзү жарык. Канчалык самай берем ошол күндү, Келишин периштелер сурнай тартып. Согуштар да болот-деген, болуп жатат. Бир улуттун үстүнөн бир улут басат. Жер титирөө, оору, кайгы, азаптар көп, Каршылыктар, куугунтуктар жанга батат. Даяр болгун, акыркы саат жакын калды. Иши менен акталар бир адам барбы? Жок андайлар, бирөө да жок арабызда. Ыйса Өзү каны менен жолду салды. Ыйса айткан бир дагы сөз өтүп кетпейт, Ишенбестин чын өмүргө колу жетпейт. Эгерде ишенимден башың тартсаң, Жүрөгүңдү Ыйык Рух кайра чертпейт.یارادان آسمان، یِری Maradj mellettem Elhoztuk oltárodra Sekalipun Diriku Dapat Berkata-kata Аллилуйя, Иса тірі Взяв все грехи мира на Себя ربي أنت صخرتي Kto Mi chwałę da ạ̹dẖ twạḍʿ sẖʿby Ты ждал меня
Song not available - connect to internet to try again?