Дыбырап жааса жамгыр, Сергитет сезимимди. Каалгып ак булуттар, Жаркытат көңүлүмдү. Кулаган тамчыларга, Чөптөр да сүйнүшөт. Үлбүрөп назик гүлдөр, Ийилип жүгүнүшөт. Асмандан жааган жамгыр, Арылтсын жерди кирден. Аруулап жууп берчи, Өмүрдү Өзүң билген. Теңирим тазалачы, Элиңди Өзүң сүйгөн. Теңирим тазалачы, Элиңди Өзүң сүйгөн. Ыргактуу шыбырлары, Ырымды коштоп кетти. Жүрөктө бугуп жаткан, Сырымды козгоп кетти. Көчпөй тур булуттарым, Жамгырың тазаласын. Буулуккан көздүн жашы, Кошулуп ага алсын.Yesu Kristi Mu Ne Naka Lámpara fiel que luz me das ىراقمات Nie mów, że dawne dni Canzone della creazione Tompo mahery Tsitoha Kom og gå med meg, til min Faders hus مافيش إيدين Lungo i rivi Tempo di libertà
Song not available - connect to internet to try again?