Ким бата берет деп, көптөрү издешет Ким өмүр берет деп, көптөрү издешет Ойгонуу келет деп, көптөрү издешет. Керемет керек деп, көптөрү издешет. // Мага болсо Өзүңдү ачып бер! // Бирөө кызматыңды издейт, бирөө жөндөмүңдү издейт. Бирөө багытыңды издейт, бирөө жемишиңди издейт. Бирөө байлыгыңды издейт, бирөө майлооңду издейт. Бирөө айыгууңду издейт, бирөө бошотууңду издейт. // Мага болсо Өзүңдү ачып бер! // Алып бар мени Теңир, асканын башына, Алдыма Сен келгин, Өзүңдүн даңкыңда. Жолуңду ач мага, Сени мен тааныйын, Жүрөгүмдөн жалынам Теңирим мен Сага. // Мага болсо Өзүңдү ачып бер! // Суусаган эликтей күнүгө издейм Сени, Чаңкаймын Теңир, билгенге Сени, Уктабай түндө мен, издеймин Сени, Табынып алдыңда, Кудайым менин. // Мага болсо Өзүңдү ачып бер! // Сүйүктүү Теңирим, кымбатым менин, Каалаймын жаныңда болгонду Сенин, Чөгөлөп алдыңда, күтөм ар таңда, Самаймын Сени, муктажмын Сага. // Мага болсо Өзүңдү ачып бер! //قدموا للرب S-a-nspăimântat stăpânul lumii Mám Bibli svatou انا مريض حباً شكرًا لله الذي يقودنا Сенсин беним канарам Spievajme novú pieseň Pánovi bmrạḥm ạlrb ạ̉gẖny Birbirimizi Sevelim! سۉيۉپ سەنى، تەڭىر
Song not available - connect to internet to try again?