Кубанат Кудайдын эли бүгүн Асмандан угулган кабар үчүн: «Падыша төрөлдү бүткүл элге, Даңк - улуу Кудайга, тынчтык жерге!» Даңк Ага, даңк Ага! Даңк улуу Кудайга, тынчтык жерге! Даңк Ага, даңк Ага! Төрөлдү Теңир Ыйса! Кудай жылдыз менен жол көргөздү, Акылмандар Ага чөгөлөштү. Билишип Ал Падыша экенин, Келишти Ээсине асман, жердин. Ирод угуп Падыша жөнүндө, Бул кабар жаккан жок көңүлүнө. Жок кылууну каалап Ымыркайды, Издетип, бүт жерге бүлүк салды. Периште Жусупка кабар берди: «Эне-Баланы тез алгын, - деди, Ирод өлтүрүүгө ниеттенди, Кеткиле таштап бул жерди». Ирод анда өлтүргөн балдарды, Мисир жерине Падыша барды. Укмуш жол менен (Ал) куткарылган, Бизди түбөлүккө куткарууга.ạjʿlny kkẖạtm جاقشىلىق قىل جاردام سۇراپ تۇرعانعا Ветви дорог Иисуса приход ожидаем mn ḍyq mr wqạsy Известен нам край где царит наш Спаситель أنا اللي دايما باتنسي גדול אדוני ומהולל מאוד Иса бени булду Emmanuele
Song not available - connect to internet to try again?