Кудайсыз дүйнөдө мен жашап келгем, Үмүтсүз, бактысыз, жапаа чеккем. Сүйүүнүн маңызын эч билбестен, Жүрөктө кубаныч жок өмүр сүргөм. Кубаныч берди Кудайым, кубан(а) алам. Сүйүү берди Кудайым, мен сүйө алам. Бакыт берди Теңирим, бактылуумун. Рахаттанып бул жашоодо, шаттан(а) алам. Тынчтык, үмүт Ыйса берди, кубанамын, Түбөлүк өмүр-бекер белек Андан алдым. Ишенем Кудайга, Ыйсага ишенем, Мындай бекем ишенимди Теңир берген. «Тынчтык кайда?» - деп мен издеп келдим, Бул жашоодо шаттанам деп ишенбедим. Бир күнү Ыйса кирди жүрөгүмө, Жашоом толук өзгөрүлдү, аны сездим. Кубаныч алам Кудайдан, кубан(а) алам, Сүйүү алгам Теңирден, мен сүйө алам. Бакыт алгам Кудайдан, бактылуумун, Рахаттанып бул жашоодо, шаттан(а) алам. Өчпөс үмүт, Ыйса берди, кубанамын, Түбөлүк өмүр-бекер белек Андан алдым. Ишенем Кудайга, Ыйсага ишенем, Мындай бекем ишенимди Теңир берген.Tak nádherná je chvíľa tá Noc je predo dvermi Верим мы ىرايىمىڭدى جەرگە مول تۅكتۉڭ Ман барраи Худои 我们带着天上的异象 Жениху и невесте жить в любви Baxtli boʻlsang Madaqtaımyn Seni حتى ما هذا الجفا
Song not available - connect to internet to try again?