Көзүм бар, бирок неге көр(ө) албадым. Кулак бар, бирок үнүң уг(а) албадым. Акылым, сезим, эрким башкар(а) албай, Түртсөм да, түйшүктөн эч чыг(а) албадым. Оо Кудайым, оо Теңирим. Акылым, сезим, эрким башкар(а) албай, Түртсөм да, түйшүктөн эч чыг(а) албадым. Качам деп бул чындыктан, кач(а) албадым. Караңгы болдум, жарык чач(а) албадым. Теңир деп, Сени менен сыймыктанбай, Текебер болуп, күндө начарладым. Жаратканым, Эгедерим. Теңир деп, Сени менен сыймыктанбай, Текебер болуп, күндө начарладым. Билдим мен, Сенден гана жанданамын. Билдим мен, Өзүң мени тандаганың. Башы да, аягы да Өзүң болсоң, Бактым - Сен, Сөзүң болсун карманарым. Куткаруучум, Табынарым. Башы да, аягы да Өзүң болсоң, Бактым - Сен, Сөзүң болсун карманарым.لأنك يارب في طمأنينة Бурхн мана Деед Эзн Iso Masih Keladi Qayta كل حياتي ملكك Sai Ku Tashi, Duk Ƴan'uwa Дом Твой Господь ạ̉nt ly ạlmn Зем зем Pon gloria en la alabanza YERİNİ ALDIN
Song not available - connect to internet to try again?