Майрамга баргыла, Ал чакырат! Ал жакка баргандар тынчтык табат. Ал жерде сүйүнүч, болбойт эч коркунуч, Аккан суулар тирүү, бүт келгиле! Ыйсага бет алып, бүт келсеңер, Эң таза сүйүүнү аласыңар. Ал Өзү чакырат, күнөөдөн куткарат, Ал жанды тазартат, бүт келгиле! Кечикпей, эрте Ага келгиле, Эшиги ачык, баарың киргиле. Бүт кайгылар кетип, унутулуп калат, Зор кубаныч болот, бүт келгиле! Түбөлүк үйгө баарың келсеңер, Анда күндөй жаркып каласыңар. Таажы жаркып турат, ырлар да угулат, Кудайды даңкташат, бүт келгиле!Rivoluzione I'm a child of the King Durante questa vita إنت اللحن اللي باغنيه Dieu des nations Охујаҹам бүтүн өмрүм боју M-am gândit să-ţi cânt iubirea Ježišu, si môj Pán В благодарении красота и сила zhǔ dāng wǒ yù jiàn nǐ de shí hòu
Song not available - connect to internet to try again?