Мени менен бирге азаптуу жолумду Басам деп Ал асмандан келди. Жерде жок жашоону Ал мага үйрөтүп, Асмандын сырын ачып берди. Жакындап келгенде бүт жаным мемиреп, Суктанып, тынчтыгына бөлөндү. Укмуштай мээрими жүрөгүмдү ээлеп, Дем берип, сергитти жүрөгүмдү. Мен үчүн түшүп келип бийик асмандан, Ал менин жанымда баратат. Жердеги сапардан чарчасам, кыйналсам, Сооротуп Ал мага кайрылат: «Мен дагы, берекем, сендей азап чеккем, Көтөрүп Өз айкаш жыгачымды. Мен да алдан тайгам, тумандап көз алдым, Мен дагы төккөмүн көз жашымды. Мен сени калтырбайм, берекем, куткарам, Кан төгүп, сатып алгам сени Мен. Ажайып дүйнөгө Мен сени алпарам, Нурга толгон асман мекениме. Сааттар, күндөр өтүп, Мен сени өзгөртүп, Жердик эмес, асмандык болосуң. Менден алыстаткан күнөөдөн бөлүнүп, Ыйык жарыгыма сен толосуң».Ga Taro Can Mai Girma Kuwa, Har Ba Mai Ƙirgawa shén bì zuò wǒ men yǒng yuǎn de bǎo zhàng rby ạ̉nt ly stry Un ange sur la nue Dispiega le Tue ali Enséñame (Insegnami) Слава слава Богу в вышних Na Krista svoje hriechy msẖ ktyr yạrb ʿlyk Любящие сердца
Song not available - connect to internet to try again?