Окуганда ыйык сөзүңдү, Куткаруучум менин Ыйса, Сеземин ошондо өзүмдү, Мен топурак бир ууч гана. Сен мен үчүн жүзүм сабагы, А мен болсо бутагыңмын. Өмүрдүн ширесин аламын Сенден, менин Куткаруучум. Ошол шире мага дем берген Сүйүүм жана кубанычым. Жаным жакындан Сени сезет, Ыйсам, менин Куткаруучум. Кээ бир убакта Сенден четтеп, Калганымда бир боло албай, Жаным кайгыга чөгүп кетет, Эч нерседен тынчтык таппай. Ошондуктан менин бир каалоом: Сени менен дайым болуу, Жашоомдогу бардык иштерди Сенин күчүң менен кылуу. Сен мен үчүн жүзүм сабагы, А мен болсо бутагыңмын. Өмүрдүн ширесин аламын Сенден, менин Куткаруучум. Ыйса, жашоомо маңыз берген Өмүр, чындык жана жолсуң. Асмандагы ыйык мекенге Жолду салган Сен болгонсуң. Сен мен үчүн жүзүм сабагы, А мен болсо бутагыңмын. Өмүрдүн ширесин аламын Сенден, менин Куткаруучум.Metà strada We wish you Cuando yo miro al cielo Ku, Za Ku Ina? Sarò quello che vuoi Du umgibst mich Díky za Tvůj kříž Есть на свете Бог Isa meniń dosym Benim Nefesimsin
Song not available - connect to internet to try again?