Периштелер ырдашат: Туулду биздин Падыша, Жерге тынчтык алпкелип, сүйүүсүн бизге берип. Кудай эркин аткарат Ал, күнөөлөрдөн куткарат Ал. Баарыңар кубангыла, Бейтлехемге баргыла! Жакшы Кабар жайылат: Туулду Ыйса Машаяк! Асман тагын калтырып, адам болуп жаралып, Асмандан келди Кудай, элинде жашагыдай. Өзүн кулдай жоошутту Ал, бизд(и) өлүмдөн бошотту Ал, (Ы)райымын бизге чачып, асманга жолун ачып. Келди биздин Падыша, Иммануэл Ыйса. Ысмы бийик баарынан, өмүр бүткөн канынан, Рухун бизге жиберген, дүйнөгө жарык берген, Ааламдын Падышасы Ал, түбөлүктүн Атасы Ал, Адилеттин Төрөсү, куд(у)реттүү Кудай Өзү. Түбөлүккө даңк Ага, Ыйса Падышабызга!Възкръсна силний Спас Difendi la nostra causa That's Him Jednu jen prosbu يسوع يا طفل Canterò ậmyn ậmyn jạy lyk Przez Jezusa krew Новый день
Song not available - connect to internet to try again?