Сенин сөзүң окуп алып Китептен, Күнөөкөр экениме өкүндүм. Бул жараткан дүйнөң өтүп кетерин Билгенимде, бир Өзүңө ишендим. О Кудайым, о Кудайым. О Кудайым, жүрөгүмдө Сен жашап, Жүрчү мени Рухуң менен багыттап. Сыйынганда үнүм угуп асмандан, Сураганым бергениңе ырахмат. Самап Сенин ар бир ыйык сөзүңдү, Чогулабыз ушул убак дайыма. Көрүп турган бардыгын бир гана Сенсиң биздин улуу Теңир асманда. Ушул күндө ыраазыбыз биз Сага, Тынчтык бердиң бут алдыңа келгенде. Улуу Теңир, батаң берип элиңе, Уланта бер тынчтыгыңды жергемде. Өкүнөсүң бул сөздөрдү укпасаң, Улуу Кудай айтат аны сага да. Кайрылсаңчы биздин улуу Теңирге, Убакытты уттурбастан бекерге. О тууганым, о тууганым.Soʻrayman Xudodan Ганц энэ зорилгын төлөө shén a yòu shì yī gè zǎo chén A shelter in the time of storm/The Lord is Our Rock Read Your Bible, Pray Every Day Boh tak miloval svet Madaqtaımyn, án salamyn Champion of Love Fuente de Mis bendiciones Mesih'im
Song not available - connect to internet to try again?