Сени менен болсом дейм, Ыйса, кымбатым, Талбай кызмат кылсам дейм Сага күн сайын. Сенсиз мага жок тынчтык, Сенсиз мага жок бакыт, Жалгыз Өзүң өмүргө Чачасың жарык. Сенсиз мага жок тынчтык, Сенсиз мага жок бакыт, Жалгыз Өзүң өмүргө Чачасың жарык. Күнөөлөрдөн бошотту Сенин бийлигиң, Өлүк элем, бирок Сен кайра тирилттиң. Кимден мен тынчтык алам? Алсызмын, кайда барам? Сенден гана, Теңирим, Ыйык жай табам. Голгофада кыйналып, Сен азап чектиң, Каның төктүң биз үчүн, жаныңдан кечтиң. Мен үчүн болуп курман, Алдың бардык кайгымды, Берилип кызмат кылып, Арнайм жанымды. Дагы эмнени айта алам, Теңирим, Сага? Кубанычтан куюлат көз жашым, Ыйса. Өмүр бою мен Сага Адал кызмат кылайын. Келечегим Сен менин, Ыйык Кудайым.Псалом 3 علمني أنتظرك tā néng bāng nǐ Величайте, величайте Господа со мною! All the Way Таныг магтъя Та бол зохистой Oh qué amigo nos es Cristo Bože můj, ty mne jsi vedl Ty vieš, že chcem kẖdẖny̱ bqrb qlbk fạ̉ʿbdk
Song not available - connect to internet to try again?