Суу көрдүм агып бүтпөгөн, Шам көрдүм колдор жетпеген. Балбылдап көздөр сүйгөндөн, «Теңирим», - дешип тиктеген. Даңкташат баары, даңкташат, Кудайдын Уулун макташат. Адамды көрдүм адашкан, Арам жол менен бараткан. Сүйүүнү көрдүм төгүлгөн, Ал: «Чык, - дейт,- жаман адаттан». «Арыл, - дейт сени, - арыл, - дейт, Арылгын жаман адаттан». Эрк берди сага, тандап ал, Акыл-эс берди, баалап ал. Байлыкты бакыт деп жүрсөң, Бактыңа чекит бул ажал. Байлыкты ташта, байлыкты. Бактыңа чекит бул ажал. Азыр го бизде кеч бешим, Туура эмес болор кеч дешим. Аз убак калды, ойлонуп, Чындыкты изде, жердешим. Аз убак калды, аз убак, Чындыкты изде, жердешим.Величний наш Бог شاعر بيا ودموع عينيا Benedirò In The Family Môj Pán ma pozval 复兴的火 Иисус - свет для меня mylạdk ạ̉ḥly̱ ywm เราสู้ยอมตายเพื่อท่าน เราสู้ยอมตายเพื่อท่าน Даңқтаймын мен Сені
Song not available - connect to internet to try again?