Сыйынууда, сыйынууда, Кудай менен сүйлөшөм. Кыйналганда, түн болсо да, уктабастан сыйынам. Жараткандын алдында мен тизелеп кол сунуп, Бүт муңумду айтып кайрылдым: «Оо, Кудай, мени уксаң, Жалгыз Сенден күч сурайм, күчтөн тайып, турам алсырап!» Сыртта катуу шамал улуп, бурганактайт муздуу кар, Так ошондой бороон каптап, жүрөгүмдү сыздатат. Алсыздыгымды сезип, көзүмдөн жаш куюлуп, Мен Ыйсага туруп кайрылдым: «Сен билесиң, Кудайым, Жүрөктөгү кайгымды, туңгуюктан кантип чыгамын?» Бул турмушта кыйналбаган, оңой жолду издебейм, Мейли болсун кыйынчылык жана кайгы чөктүргөн. Суранарым бир гана, дайыма сезип турсам, Сенин кудуреттүү колуңду. Чырмалышкан жолдордон, Айыгышкан жоолордон, өзүң сууруп чыгасың Кудай. Сыйынууда, сыйынууда, (ы)раазы болуп кубанып, Даңктайм Сенин мээримиңди жана чексиз күчүңдү. Күч кеткенде алсырап, алсыздыкка алдырып, Мен жыгылдым каршы тура албай. Жүрөктөн чыккан күйүт, Сага жетти, Кудайым, сыйынып, Сенден кубат алдым.Come and dine Életem csak kegyelem Руки Твои пригвожденные руки Suntem doar o rasuflare MATRYRDOM bʿywn ạlḥb Ja idę tą drogą, co wiedzie do chwał ميلاد المسيح Lalpa Nasem Hitiu ! Исои Масеҳ мегӯяд "Гар касе хоҳад
Song not available - connect to internet to try again?