Сүйүнчү кабарды баарыңар уккула, Бизге асмандан Куткаруучу келди. Төрөлдү ыйык Бала, Кудай Уулу, Теңирим ачат асманга жолду. Бул түнү тынч уйкуда жаткан дүйнө. Асман жаркып, периштелер көрүндү, Жар салып, даңкташты улуу Теңирди. Тынчтык, сүйүү, бакыт, өмүр берилди. Бейт-Лехемде төрөлгөн Падышабыз даңкталсын! Асман тагын таштаган, Бүт өмүрүн арнаган, Алелуя, даңк Сага! Сүйүүсү мол Падыша! Жүрөктөрдөн арнайлы даңк Ага, даңк Ага! Сен улуусуң, сүйүүсү мол Теңирсиң. Мал акырда төрөлгөн Куткаруучу Кайгы, оору, күнөөлөрдөн бошотту. Караңгы дүйнөгө жарык нур чачты, Азап чеккен жандарды сооротту. Сүйүнчү кабарды баарыңар уккула, Бизге асмандан Куткаруучу келди. Төрөлдү ыйык Бала, Кудай Уулу, Теңирим ачат асманга жолду.Я благодарю за кровь Твою L'amour de Jésus-Christ nous presse Jak zwycięsko kroczy Jezus Aure Na Masu Bi, Aure Ne Mai Tsarki Оставив славу İsa, Kurtarıcı yswʿ lh ạlmjd Te rog Stapanul meu preabun Как велика Твоя милость ʿjyb msẖyr ạ̹lh qdyr
Song not available - connect to internet to try again?