Сөзүңдү алдым колума Шам болуп жанган жолума. Алсырап жаным кыйналса, Күч-кубат берет боюма. Теңирдин сөзү ырысым, Күнөөгө каршы кылычым. Таш болуп каткан жүрөктөр Сөзүңдү окуп жибисин, Муз болуп калган көңүлдөр Аларды окуп эрисин. Сөзүңдү окуп күч алам, Сөзүңө муктаж ар адам. Жол кылып аны бейишке, Адашпай Сага бара алам. Сөзүңдү бердиң бизге Сен, Суу кылып ичем чаңкасам. Теңирим, Сөзүң болбосо, Өмүрдү билбей адашам. Теңирим, тирүү сөздөрүң Жүрөккө дайым сүйлөсүн. Таш болуп каткан жүрөктөр Сөзүңдү окуп жибисин, Муз болуп калган көңүлдөр Аларды окуп эрисин.Кудато улетают Божьи птицы Teraz vchádzaš, Pane Pour triompher dans les combats Infinito Len Ma Ľúb Пророк أيها المدعو Či ťa do toho nič? Я буду славить ىيسا سەن بئزدىن ارابىزداسىڭ
Song not available - connect to internet to try again?