Тааныттың Өзүңдү, үйрөтүп сөзүңдү Күнөөдөн арылтып, Сен ачтың көзүмдү. Азапка салбадың, алыстап калбадың Арзыган сүйүүңдү, Сен мага арнадың, Сен мага арнадың. Ырдайлы, ырдайлы жашоонун жыргалын Ак сүйүү суранам, Теңирим, Кудайым, Теңирим сурарым. Сыйынам, суранам мен ырдап кубанам Сурасам бересиң, бар Сенин убадаң. Издеймин, издеймин, Теңирим Өзүңдү Күн сайын сооротуп, ачасың көңүлдү, ачасың көңүлдү Сүйүүнүн тазасы Теңирим Өзүңдө Ак сүйүү бергенсиң түбөлүк өмүргө. Күнөөсүз жашайлы бир келген өмүрдө Ырдайлы, ырдайлы Теңирим жөнүндө, Теңирим жөнүндө. Мен үчүн аябай кыйгансың жаныңды Күнөөсүз өлгөнсүң агызып каныңды, агызып каныңды. Мен сезип күнөөмдү, тартайын айыбымды Сурасаң берейин Теңирим жанымды. Теңирим жанымды.Nessuno è come te Пусть сердце мое будет чисто Dieu fort et grand БУРГАН ӨНДҮР Чиле чекмейе гелдим бу каранлък дюняя سەنى انگە قوسامىن Защити меня Msalaba Wa Aibu Slávne, predivné je In His time
Song not available - connect to internet to try again?