Таң сүргөндө, Сени издейин, Кудайым, Өзүңдү даңазалап даңктайын. Сенин сөзүңдү окуп, Теңирим, Жашоомдо аткарайын ар дайым. Укчу мени, Теңирим, Сыйынып Сага келем. Кудайымдын китебин Окуюн таң эртеден. Сен келгенде, мен дапдаяр турайын, Уктабайын, түйшүккө батпайын. Рухум жалындап, Сени даңктайын, Куткарылуу кабарын айтайын. Күтөйүн мен ар дайым, Ыйыктачы, Кудайым. Сыйынып мен турайын, Сени күтүп күн сайын. Билем, жакында келесиң, Теңирим, Ыйык периштелериңди алып. Булут үстүндө жолугабыз биз, Тосуп аласың кучагың жайып. Жар салалы кабарды, Куткарылсын элибиз. Кубаналы эми биз, Келет деп Теңирибиз. Жар салалы Жакшы Кабарды.trạk 6 yạ rb mạ ạ̉ḥly̱ msẖ mjrd ʿyd mylạd ʿlsẖạn bḥbk Zdali musím Деиштирен Танръ On je živý ZUM TUAH NAN NUNG LAI Каранлъъ Даътъйор Огонь вечный
Song not available - connect to internet to try again?