Токтолуп бир аз көз салсам, өмүрдүн өткөн жолуна. Ар күнөө болуп оюмда, мен жүргөм кайгы торунда. Ар күнөө болуп оюмда, мен жүргөм кайгы торунда. Мен кылган канча күнөөм бар, эстесе адам уялар. Чындыкты айтсам Кудайга, күнөөдөн мени куткарар. Чындыкты айтсам Кудайга, күнөөдөн мени куткарар. Күнөөмдү алып мойнума, чөгөлөп Теңир алдында. Өтүнүп сурайм кечирим, өткөрчү өмүр жолуна. Өтүнүп сурайм кечирим, өткөрчү өмүр жолуна. Чындыгын көрүп жолуңдун, өзгөрттүм мен да оюмду. Куткарып алчы, Теңирим, берилип сунам колумду. Куткарып алчы, Теңирим, берилип сунам колумду. Өмүрүм Сага арнайын, жүрөктө Сени сактайын. Дүйнөгө айтып сүйүүңдү, түбөлүк Сени даңктайын. Дүйнөгө айтып сүйүүңдү, түбөлүк Сени даңктайын. Түбөлүк Сени даңктайын, даңктайын.Bon courage, amis Kuch beradi Rabbim mening O give thanks to the Lord Կուզես Ազատ Ըլլալ ktr ạ̉gẖạnyk Do kopce, nebo rovinou Da eu, da eu Хуш Хәвәр Comme une terre altérée Ты нужен мне больше чем вчера
Song not available - connect to internet to try again?