Улуу Кудай, ааламдын Ээси, Асман менен жерди колуң жаратты. Улуу Кудай, жанымдын Ээси, Мени куткаргансың, сүйөмин Сени. Даңазалайм Сени Ыйса Теңир, Ар бир жүрөк келип Сага табынсын. Даңазалайм Сени Ыйса Теңир, Сүйгөн элиң келип Сага табынсын. Улуу Кудай, даңктоонун Ээси Ырлар Сага арналсын, жаңырсын дайым Улуу Кудай, мээримдин Ээси Кучагыңа алдың түбөлүк мени. Касиетиң бийик, баарынан улук Табынамын Сага жүрөгүмдү ачып Берчи даамду сүйүүң суулардан туунук Мээримиң төгүлсүн кучагың жайып. Улуу Кудай жеңиштин Ээси Өз Рухуңду берип жаңырттың мени Улуу Кудай өмүрдүн Ээси Жарык нурун чачып батаңды берчи. Даңазалайм Сени Улуу Кудай Ар бир жүрөк келип Сага табынсын Даңазалайм Сени Жараткан Кудай Сүйгөн элиң келип Сага табынсын.قۇداي ەلى يا أبرع جمال yạ yswʿ tjly̱ wbạrk Hay una fuente de amor divino For God so Loved The World يەنىڭ دۇعاسى Иисус забрал мою боль Ey Allah koru beni Sabes tú si eres del Señor Сравнится ль кто с Творцом
Song not available - connect to internet to try again?