Ушул тойго берсин Кудай батасын, Чакыралы бул ааламдын Атасын. Кубанып да, сүйүнүп да тосолу, Арабызда кайгы-капа болбосун. // Бактылуу болсун уул-кызы деп, Сыйыналы биздин Ыйса Теңирге. // Кудайымдын эрки менен жүрүүгө, Түбөлүккө бирге өмүр сүрүүгө Жакын болуп, жардам берсин Теңирим, Жарык кылып арасында элимдин. // Бактылуу болсун уул-кызы деп, Сураналы бүгүн Кудайдан бирге. // Тоюңарга той улансын алдыда, Ортоңордо болсун сүйүү дайыма. Келечекте эрки болуп Теңирдин, Учуп чыксын колуңардан наристе. // Ыймандуу болсун уул-кызы деп, Сыйыналы биздин Ыйса Теңирге. // Ишенимдүү бир-бириңе болууга Акыл берсин үй-бүлөлүк турмушта. Зор сүйүүңдү баалап Сенин, Теңирим, Жүрсүн алар Өзүңдүн ак жолуңда. // Ыймандуу болуп биздин эки жаш, Ынтымактуу өмүр сүрсүн дайыма. //Скоро время придет час страданья пройдет Мана бүгүн биз кәлдүқ مش خايف Дай мне крылья как у орла Достоин Ты взять книгу ยกมือของท่าน Lift up your heads ᠭᠠᠶᠢᠬᠠᠮᠰᠢᠭᠲᠤ ᠵᠠᠭᠠᠯᠮᠠᠢ В целом мире нет роднее мамы Акнун омадаем ба ҳузурат, Масеҳо One thing I ask
Song not available - connect to internet to try again?