Ыйсанын сүйүүсү улуу чексиз, Башталышсыз агат ал кол жеткис. Жээк сылаган мээримдүү толкундай, Ал эң ыйык, терең жана кенен. Эгерде сүйүү болбосо, Ыйса сүйүп колдобосо, Билбейт элек биз өмүрдү, Жакыныбызды чындап сүйүүнү. Кел тезирээк, кел, сени Ал күтөт, Тосмо артында туруп кылат күзөт. Тыкылдатат, ачкын, маалы келди, Кабыл алгын кымбат сүйүү берди. Аттиң, билсе адамдар жердеги, Анын баары Ыйсанын эмгеги. Эгер Кудай көз ирмем сүйбөсө, Анда дароо жок болмок бул дүйнө. Ал сүйөт ар дайым сени, мени, Ал сүйөт жалгыз жана бүт элди. «Кудай жок» деп, күлкүгө алса да, Ал сүйүп, бүт бардыгын «кел» деди.Sonsuzadək قلبي بمبم..قلبي بمبم أنا جاى ومسنود على وعدك bạ̉mr wbslṭạn هل قد ذبحت Isa Patsha fy mnzl wsṭ ạljlyl Göklerin Kapısı ạ̉nt ạlrb mlk ạlmjd Сен менинг ҳаётимсан
Song not available - connect to internet to try again?