Ырайым менен атты таңың нур чачып, Ал жарыктан бүт жүрөгүм жаңырып. Булак көзүн оргуп жаткан таптым мен, Кубанычым бөксөрбөсүн түбөлүк. Үмүт, максат алга мени жетелеп, Сөзүң менен Ыйык Рухуң дем берет. Жарык болуп бул өмүрдө жүрүүгө, Ыйса Теңир, Өзүң кубат бере көр. Айтпасам да, жүрөгүмдү билесиң, Ой-санаамдын жүйөлүүсүн бир Өзүң. Ойготсоңчу кыргызымды, элимди, Куткарылсын, басчу жолун түздөсүн. Шаттык ырым жүрөктөрдө жаңырсын, Жакшы Кабар бүт элиме тарасын. Башымды ийип, сураймын мен, Теңирим, Куткара көр, ар бир кыргыз баласын.Strašná búrka keď tiahne Ya Rab, Kayam, Beni Kurtaran Grazie Veď mne stále Gioia porteremo Юла Ақ батаң қонсын жеріме, ояну келсін еліме! Levantado Fue Jesús Nama Yesus Termulia Un Destello de Tu Gloria
Song not available - connect to internet to try again?