Эмне септиң, эмне септиң, жол боюна эмне септиң? Таранчы, чымчыктар келип, жеп кетишет баарын терип, Анан куру кол калба. Эмне септиң, эмне септиң, таштак жерге эмне септиң? Таш көп, бирок кыртышы аз, соолуп калды туруп бир аз, Куурап калды үрөнүң. Эмне септиң, эмне септиң, тикен жерге эмне септиң? Бул дүйнөнүн байлыктары, өстүрбөйт эч мындан ары, Бербейт түшүм үрөнүң. Эмне септиң, эмне септиң, жакшы жерге эмне септиң? Ошол үрөн өмүр үчүн, күткөн күздө берет түшүм, Берет күздө мол түшүм. Эмне септиң, эмне септиң, бул жашоодо эмне септиң? Өзүң үчүн сепсең үрөн: ишенбестик, кастык, күнөөң Айкын болот сот күнү.Ježiša chválim 我的主我心爱你 تأمل 5 Дикий остров Қараңғы түн аспанда, Иса нұрын төгіп тұр Jesus Your Mercy سۉيۉنچۉ قاباردى باارىڭار ۇققۇلا ИСУС Е ТУК СЕГА Ғалаба Sea Of Faces
Song not available - connect to internet to try again?