Өзүн Ыйсага арнап койгон, Жаштарга асманга бараткан, Ченемсиз бекем ишеним каалайм, Тайманбас жүрөк жалтанбаган. Куугунтук, каршы шамал уруп, Азгырык, түйшүктөр да келер. Шектенүү алсыратып жаныңды, Ишенбестик жемишин берер. Бирок ким Ыйсадан сабак алса, Ишеним менен баарын жеңет. Кара булуттар каптап калса да, Жеңиш күн нурларын төгөт. Кайгы-муң, капалыкка толгон, Көз жаштары деңиздей болгон Адамдарды таштап койбогула, Кудайын да унутуп койгон. Кудай сүйүүсүн чагылдырган, Капитан, тууңду бийик көтөр! Жер жүзүнө Ыйсаны таанытып, Жашооңду сүйүү менен өткөр.唱赞歌唱赞歌 قال لي الشيطان خطاياك Արդարի Ճամփան Söz verdiğin gibi Büyük İnek Ot Yiyor Śpiewajmy Panu, alleluja Cum as putea sa tac Өтөт мезгил, айларым, жылдарым да Що да сторя за Исуса? În cer eu am o casă
Song not available - connect to internet to try again?