Өчүп калган от эч кимди жылытпайт, Соолуган булак суусунду кандырбайт. Сынган идиш эч нерсеге жарабайт, Өлгөн адам сүйө албайт. Мүмкүн, сен оттой болуп өчүп калган, Жылуулугуң сезбегендир эч бир жан. Соолуган булак сымал какшып калган, Суу сунбадың адамдарга чаңкап турган. Кудайдын сүйүүсүн сезбей калдыңбы? Идиш ордуна сыныктар калдыбы? Чөп сыяктуу жаның кургап калдыбы? Же небак өлүп калганбы? Кудайдын сүйүү отун өчүрбөгүн, Бүлбүлдөбөй, жарык чачып күйгүнүң. Бул караңгы дүйнөдө өчпөс от бол, Кашка суу, мөлтүр булак бол. Ыйсанын ыйык ысмын сенден ар бир адам көрсүн, Ар бир күнөөкөр көрсүн. Күч булагы болгун кыйналгандарга, Жашооң менен жол көрсөт адамдарга. Колуңда болгонун жоготпой сакта, Таажыңды сакта, алдырба. Кудай берген ак кийимиң булгаба, Жарык чачып турсун жүзүң дайыма. Ыйыктаган Ал сени Голгофада, Кабар айтсын деп баарына. Ыйсанын ыйык ысмын сенден ар бир адам көрсүн, Ар бир күнөөкөр көрсүн.Ey günahlı insan, həyat almaqçün Славь душа Господа Милосердя Le plus fort Adınla Sənin adınla I alt jeg gjør det største er Padşahlığın gəlsin 당신은 사랑받기 위해 태어난 사람 KAL LAW TUAN Люблю Тебя мой дивный Бог
Song not available - connect to internet to try again?