«Болсун!» - десең, аалам болот мындан башка, «Чыксын!» - десең, гүлдөр чыгат кара ташка. Гүлдөгөн жер күлгө айланып, деңиз соолуйт, Кокусунан улуу Кудай каарына алса. Сыйынабыз бир Кудайга, Коргоочубуз бир Кудайга, Соттоочубуз бир Кудайга. Бар адамды бир чындыктан жараткансың, Баш ийдирип бир чындыкты караткансың. Акыры Сен келериңди биз билебиз, Ага чейин Жакшы Кабар тараткансың. Жалгыз Өзүң жок нерсени бар кыласың, Өз эркиң го канча жашоо тартуулайсың. Сыйынабыз бир Өзүңө, Кудай Ата, Теңдеши жок бир Өзүңсүң жалгыз гана. Колун сунуп, сууруп чыгат азгырыктан, Кудай сүйөт, кечикпей кел сыйынууга. Дитиңди бер, жүрөгүң бер, оюңду бер Койнун ачып күтүп турган бир Кудайга.ạlftrẗ ạltẖạnyẗ ʿsẖr Nu e nici un om în lume ربي رفعتني Krst je moje vyznanie Докун, докун, Раб Иса Я люблю Тебя я люблю Тебя Господь Кылӟы инбам мар вероме потэ zhǔ gù niàn pín qióng rén Ţi-alege inimă ţi-alege Večerné keď zvony znejú, duša moja pamätaj
Song not available - connect to internet to try again?