Аалам-жердин Башчысын сүйүү жыргал, Аны менен ар дайым жүрүү жыргал. «Азыр келип калса экен Атакем», - деп, Алдын тосуп, аздектеп күтүү жыргал. Теңирим Ыйса менен болуу жыргал, Ыйык Рухка ар убакта толуу жыргал. «Ырайымың, каныңды баалаймын», - деп, Жүрөгүң Ыйса үчүн согуу жыргал. Кереметин Кудайдын көрүү жыргал, Курч кылычтай сөздөрүн угуу жыргал, Кудайдан алган аян-ачылышты Бир туугандар бөлүшүп туруу жыргал. Эң жогорку Теңирди даңктоо жыргал, Эгедерин эл-жердин мактоо жыргал. Эркиндикти тартуу кылган Теңирди Ээси кылып жүрөктө сактоо жыргал.Veríme v Boha jedného Resuscitami (Rimuovi la mia pietra) اسمانداعى اتابىز Кубанат Кудайдын эли бүгүн dé shèng zài hū yé hé huá يا سبب وجودي لحظة ما اشتكيت ạ̉rnm lạ̹smk rby ạlʿly 我们要踏上飞奔的列车 تعليق 2 - لمسني وقواني
Song not available - connect to internet to try again?