Адашып көпкө жүргөмүн, күнөөгө азгырылгам, Адилеттиктен түңүлгөм, дүйнө мени алдаган. Жардамды кимден күтөмүн, ким арылтат кайгыдан? Ошондо Теңирим айтты: Мен сени абдан сүйөм. Мен сени, Мен сени, Мен сени абдан сүйөм, Кудайдын үнү жагымдуу: Мен сени абдан сүйөм. Сүйүп мени кабыл алды, күнөөлөрдөн арылтты, Өмүр китебине жазды Теңир менин атымды, Башым ийип, таазим кылып, айттым ырахматымды. Кудайдын үнү жаңырды: Мен сени абдан сүйөм. Азгырыкка алдырбаймын, күнөөгө каршы турам, Теңир Ыйса Досум болду, кеңешти Андан алам, Кучагына Кудайымдын кандай жакшы жашынган, Сооротот Ал мени дайым: Мен сени абдан сүйөм. Келчи, түйшүккө батпачы, ишенсең, Ал куткарат, Карасаң айкаш жыгачты, Ал сени жандандырат. Чын жүрөктөн тобо кылсаң, жүрөктөн орун алат, Угасың Теңирдин үнүн: Мен сени абдан сүйөм.lst ạ̉ʿlm БАЧЫТТЫГ ЧОН АРАЗЫНГА Moje malé svetielko II. Ebenushalom alehem Almighty God Your Word Is Cast Vyvýšený jsi Pán كل فرحه للنفس ครองราชย์องค์พระเยซู Reign King Jesus reign Теңир менин Койчум Парвардигор
Song not available - connect to internet to try again?