Алтын эмес, зер дагы эмес Эң кымбат деп аталган, Акак таш да, бермет эмес, Сенин көркүң, сенин көркүң, жасалгаң. Ишенимдин ташы менен, Кубанычтын жашы менен, Жарык чачкан жүзүң менен Жасангының, жасангын сүйүүң менен. Жакшы, кенен пейлиң менен, Момун, жумшак мээрим менен Кубаныч бол башкаларга, Өзүң болгун, өзүң болгун жасалга. Бактылуу бол, ырыскың күт, Сен эркинсиң, бошонгонсуң. Жансын сенден жаркын үмүт, Мына ушуну каалайт сага жан досуң. Гүлдөй жайна, күндөй жаркы, Мына ушуну каалайт сага чын досуң.Kafin Ya Hau Sama ạ̉ḥbk yạ qwty Záchranca sveta THE BETTER LAND Departe eşti încă curată fecioară ETY AN-DALANA Stand in Your Love Będę chwalić, Panie Sen Kralsın, Sen Yücesin Si paz cual un río
Song not available - connect to internet to try again?