Асман тирейт тоолору кыргызымдын, Толкундары тармал чач Ысык-Көлдүн. Ала-Тоону аралайт ак булуттар, Асманында канат жаят турналар. Кыргызымдын Ала-Тоосун, Кыргызымдын Ысык-Көлүн, Кыргызымдын кооз жерлерин Биздин Теңир жараткан. Куткаруучу Ыйса келди элиме, Бейишке жол жасады, бүт келгиле. Колун сунуп Ыйса Теңир чакырат, Кайгы тартып азап чеккен элимди. Кыргызыма кайгы тарткан, Кыргызыма тынчтык күткөн, Кыргызыма Ыйса Теңир Улуу тынчтык тартуулайт. Жаратуучубуз бизге өмүр берди, Эми мына кыргыз жерге Ал келди. Кечирип күнөөгө баткан элимди, Аны сүйгөн, тайманбас жүрөк берди. Кыргызыма азап тарткан, Өлүм жолунда бараткан, Кыргызыма Ыйса Теңир Таза жүрөк тартуулайт.O vous qui n'avez pas la paix أغنية جديدة Na Twoim krzyżu Бог не ошибается Худо, Сен менинг Отам Song From Heaven رەب مەن ساڭا تەشنا Máš trón Vår sjelelege nu er nær В цей радісний день воскресіння
Song not available - connect to internet to try again?