Асман тиреп тоолору кыргызымдын, Толкундары шарпылдап Ысык-Көлдүн. Ала-Тоону аралайт ак булуттар, Асманында канат жаят турналар. Кыргызымдын Ала-Тоосун, Кыргызымдын Ысык-Көлүн, Кыргызымдын кооз жерлерин Биздин Теңир жараткан. Куткаруучу Ыйса келди элиме, Бейишке Ал жол салды, бүт келгиле. Колун сунуп Ыйса Теңир чакырат, Кайгы тартып азап чеккен элимди. Кыргызыма кайгы тарткан, Кыргызыма тынчтык күткөн, Кыргызыма Ыйса Теңир Улуу тынчтык тартуулайт. Жаратуучубуз бизге өмүр берди, Эми мына жергебизге Ал келди. Уктап жаткан кыргызымды ойготуп, Аны сүйгөн, тайманбас жүрөк берди. Кыргызыма азап тарткан, Өлүм жолунда бараткан, Кыргызыма Ыйса Теңир Таза жүрөк тартуулайт.Rəbb Allahım heyranlıq mən duyuram ده ف كل ساعة كيف يسر الرب Гювен Раб'бине Коркма, Коркма Дийор Танръ cǎo bì kū gàn Faqat Sen loyiqsan Ах Не Гюзелсин Ашкъм لحن أبينشويس nǐ zài nǎ lǐ
Song not available - connect to internet to try again?